Эмгек министрлиги: “Келечек” борборунда бир жарым жылда 760 тан ашуун бала реабилитациядан өттү

 

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен бүгүнкү күндө “Келечек”реабилитациялык борбору иштеп жатат.

“Келечек” балдар реабилитациялык борбору 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар үчүн акысыз комплекстүү реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Ал эки режимде иштейт: стационардык жана күндүзгү. Борбор таяныч-кыймыл аппаратынын, неврологиялык бузулуулары бар балдарга, ошондой эле аутизм спектринин орточо бузулушу жана Даун синдрому бар балдарга кызмат көрсөтөт.

 

2023-жылы 444 бала реабилитациялык кызмат алышса, үстүбүздөгү жылдын 6 айында борбордо 324 бала реабилитациядан өткөн.

Ысык – Көл облусунан-62,  Бишкек шаарынан – 54, Чүй облусунан-50, Нарын облусунан-46,  Ош облусунан – 39,  Талас облусунан -28, Жалал – Абад облусунан-24, Баткен облусунан-21.

Учурда 71 бала реабилитациялык кызмат алышууда.

Борбордо ата-энелер үчүн балдар менен иштөөнүн натыйжалуу ыкмаларын үйрөтүү боюнча сабактардын комплекси өткөрүлөт, бул борбордун артыкчылыгы болуп саналат.

Ар жума сайын борбордун кызматкерлеринин күчү менен куурчак театры, спорттук иш-чаралар, өнүгүү сабактары жана башка көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлүп турат. Балдарга ыктыярчылар (волонтерлор) келип турушат.

Борбордо балдарга кызмат көрсөтүү жана алардын ата-энелеринин ыңгайлүүлүгу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Возможно, это изображение 7 человек, ребенок, люди учатся и детская игрушка
Пайдалуу
Ссылкалар