Эмгек министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт: 30 памирлик кыргыз кесиптик билим алды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган Памирлик кыргыздардын үй-бүлөлөрүн кыдырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Анын айтымында, айылда 17 үй-бүлө жашайт, алар мамлекеттин көңүл чордонунда.
«Мамлекет ар бир үй-бүлөгө бир саан уй жана жылкы, 10 баш кой берди. Райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча 16 жашка чейинки 36 бала “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алат.
Мындан тышкары, ишке орноштуруу кызматы үй-бүлө мүчөлөрүнө кесиптик окуудан өтүүгө жардам берди: 15 аял тигүүчүлүктү, 15 эркек айдоочулук кесипке окушту», – деди министрдин орун басары.
Пайдалуу
Ссылкалар