Бишкекте Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин 1-жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын отуруму өтүүдө

 

 

Бүгүн, 26-июлда Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча коллегиялык жыйыны өтүп жатат.

Коллегияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова, Жогорку Кеңешинин депутаттары Винера Раимбачаева жана Камила Талиева, коллегиянын мүчөлөрү, министрликтин алдындагы түзүмдүк, ведомстволук, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышууда.

Күн тартибинде-калктын муктаж категорияларына даректүү социалдык жардам көрсөтүү, эмгекти коргоо, иш менен камсыз кылуунун активдүү чараларын киргизүү, ишке орноштурууну жана кесиптик окутууну кеңейтүү, коопсуз миграцияны камсыз кылуу, чоңдор жана майыптыгы бар балдар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү камсыз кылуу, балдарды жана улгайган жарандарды коргоо боюнча милдеттерди ишке ашыруунун жыйынтыктары.

Пайдалуу
Ссылкалар