Эмгек министри Жылдыз Полотова мамлекеттик жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды

Бүгүн, 26-июлда коллегияда жарым жылдыктын жыйынтыгы менен 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулунун даректүүлүгүн күчөтүү маселеси каралды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова жакын арада жакыр болгон үй-бүлөлөргө ар тараптуу даректүү жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча план иштеп чыгууну тапшырды.
“Бир айлык мөөнөттө аймактар боюнча социалдык төлөмдөрдү алуучулардын санына, анын ичинде мыйзамдуу дайындоолордун негиздүүлүгүнө сапаттуу талдоо жүргүзүлүшү керек”, – деди ал.
Ошону менен бирге ал калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана социалдык контракттын негизинде жардам алган үй-бүлөлөрдү коштоо, турмуштук оор кырдаалдан үй-бүлөлөрдү чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Министрдин орун басары Кыял Жанузакованын берген маалыматтары боюнча, 2024-жылдын 1-июлуна карата “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган балдардын саны 270,6 миң баланы түздү. Бул максаттарга республикалык бюджеттин каражаттарынан 6 айда 2377,6 млн. сом каржыланган.
Пайдалуу
Ссылкалар