Эмгек министрлиги: Ата-энеси жок балдар 18 жашка чыкканда 500 миң сомдон алышат
Үстүбүздөгү жылдын июль айынан тарта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ата-энеси жок балдар үчүн “Келечекке салым” топтоо эсеби ишке киргизилди,- бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 18 жашка чыкканда ар бир ата-энеси жок балага 500 миң сомдон берилет.
“Бул, билим берүү үчүн жана ипотекага баштапкы төлөм катары колдоно алышат. Ошондой эле балдар менен иштей турган 550 жаңы социалдык кызматкерден турган штаттык бирдикти ачуу маселеси каралууда”, – деп билдирди Эмгек министри Жылдыз Полотова.
2024-07-29