Эмгек министри Жылдыз Полотова майыптыгы бар балдарды реабилитациялоонун жаңы ыкмасын талкуулады

Бүгүн, 30-июлда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотовага “Вместе к здоровью” коомдук фондуна болгон сапарынын алкагында майыптыгы бар балдарды реабилитациялоонун жаңы методикасын талкуулады.
Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Фонддун директору Айнура Суванкулованын айтымында, программанын артыкчылыгы-реабилитация жана абилитацияны эне менен баланын чогуу өтүшү.
«Эне бала менен өз алдынча иштөөнү үйрөнүп, кошумча билим алып, практикалык окуудан өтөт. Биздин реабилитациялык борбордо жогорку квалификациялуу адистер иштейт: невропатологдор, реабилитологдор, дефектологдор, психологдор, остеопаттар, атайын билим берүү мугалимдери, массажисттер жана тренерлер. Методологиянын өзгөчөлүгү-биз кыймыл терапиясынын үстүндө иштөөдөбүз, музыканын коштоосунда балдар гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасашат, анын аркасында кан айлануу жүрөт, мээге сигнал берилет”, – деди ал.
Министр Жылдыз Полотова мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга өзгөчө көңүл буруп, алардын социалдашуусуна мүмкүнчүлүк түзүп жатканын белгиледи.
“Президент С. Н.Жапаров “Келечек” мамлекеттик реабилитациялык борборун ачып, июль айынан баштап майып балдарды баккан жеке ассистенттердин маянасын көтөрдү”.
Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында биз эрте кийлигишүү боюнча кызмат көрсөткөн бейөкмөт уюмдардын долбоорлорун каржылап жатабыз”, – деп баса белгиледи Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башчысы.
Пайдалуу
Ссылкалар