2019-жылдын 21-март күнү Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде “Нооруз-2019” аталышындагы майрамдык иш-чара болуп өттү
2019-жылдын 21-март күнү Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде “Нооруз-2019” аталышындагы майрамдык иш-чара болуп өттү.
БСММдин кызмат алуучуларына “Жаз Нуру” аталышындагы майрамдык конкурсттук иш-чара уюштурулуп, жалпысынан 30га жакын кызмат алуучулар жана мекеменин кызматкерлери катышты.
Конкурстун катышуучулары ар бир коюлган тапшырмаларга активдүү катышып, өздөрүнүн чыгармачылык өнөрлөрүн көрсөтүштү.
- Саламдашуу;
- Кийим-кечени коргоо;
- Музыкалык номерде ойноо;
- Улуттук тамактарды көрсөтүү.
Конкурстун катышуучуларынын балоо боюнча конкурсттук комиссиянын курамы:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү;
- И.К. Ахунбаев атындагы медициналык академиянын өкүлү;
- БССМдин комкорчулар кеңеши;
- Жеке жактар.
Майрамдык иш-чарага катышкандарга белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Чек ара аскерлеринин ансамбли тарабынан музыкалык номерлер менен коштолуп турду.
БССМдин кызмат алуучуларына майрамдык сый-тамактар уюштурулду.