Ысык-Көл райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Ысык-Көл райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Кызмат ордуна  коюлуучу квалификациялык талаптар:

Жогорку билим; (социалогия, юриспруденция, педагогика, экономика, журналистика ж.о)

Көндүмдөрү:

–  Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу

– Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик  жарандык кызмат  жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы  №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Жобо

– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы

Иш стажы жана тажрыйбасы:

(С-Б)   Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. (М-Б)    Иш стажы талап кылынбайт;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

– Жеке арызы

– Кадрларды эсепке алуу баракчасы

– резюме, өмүр баян

– Өздүк таржымал (Соттолбогондугу  бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)

– 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт

– Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

– Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү

(көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшүкерек)

– Эгерде эмгек китепчеси болсо анын көчүрмөсү нотариустан же мурунку  иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек

– кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү

– жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт

            Талапкерлерден документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10( он) жумушчу күндүн ичинде Чолпон-Ата ш. Совет көч.№ 75А кабыл алынат кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыныздар (03943) 4-20-81 (факс),  0504260200, 0708638040

Пайдалуу
Ссылкалар