Эмгек министрлиги: 2-сентябрь жумуш күнү
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул жылдын 2-сентябрында (дүйшөмбү) жумуш күнү болорун эскертет.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин узак дем алыш күндөрү белгиленип, 2-сентябрдагы дем алыш күн 2024-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө жылдырылган.
2024-08-07