Ош шаарында 95 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды – Эмгек министрлиги

Бүгүн, 16-августта, Ош шаарында Социалдык контракт программасынын алкагында 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чарага Эмгек министрлигинин башчысы Жылдыз Полотова жана Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров катышты.
«Социалдык контракт программасы ишке ашырылып жаткан мезгилде өлкө боюнча 21 миңден ашык жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ар бирине 100 миң сомдон жеке ишкерликти баштоо үчүн жардам берилди. Анын ичинен 8,5 миңи быйылкы жылдын башынан бери.
Жыл аягына чейин дагы 14,5 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзүп, жашоосун жакшы жакка өзгөртө алат», – деди ал.
Ош шаарында 200 үй-бүлөгө бекитилген квотанын негизинде 100 миң сомдон 95 үй-бүлөгө сертификаттар тапшырылды. Калган үй-бүлөлөр дагы тандоо процессинен өтүшөт.
Пайдалуу
Ссылкалар