Эмгек министрлиги: Мигрант эне үчүн видеодогу баланын иши көзөмөлгө алынды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги атасы камерага тартып жатып урушкан баланын үй-бүлөсү менен иш башталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Үй-бүлө Ош облусунун Алай районунда жашайт.
Видеону атасы эмгек миграциясында жүргөн апасын үйүнө алып келүү үчүн тарткан.
Райондук башкармалыктын маалыматы боюнча, балада ур-токмоктун изи жок. Ошону менен бирге баланы коргоонун жекече планы түзүлүп, териштирүү иштери бүткөнгө чейин жана үй-бүлө менен тактоо иштери аяктаганга чейин жаш өспүрүм бала багып алуучу фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды.
Пайдалуу
Ссылкалар