“Келечек” реабилитациялык борборунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова “Келечек”реабилитациялык борборундагы салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусуна, ошондой эле 23-сентябрда боло турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналды.
“Өлкөбүздүн кайра жаралуу жолу курч саясий күрөш менен коштолуп, узак жана оор болду. Бүгүнкү мамлекет – эзелтен кыргыз жерин сактап, коргоп келген улуу ата-бабаларыбыздын даанышмандыгынын жана баатырдыгынын натыйжасы”- деди Кыял Жанузакова.
Ошондой эле борбордо көрсөтүлүп жаткан кызматтардан оң натыйжаларга жетишүү үчүн борбордун кызматкерлеринин талыкпаган эмгегинин, ошондой эле балдардын ата-энелеринин чыдамкайлыгынын жана эрдигинин аркасында мүмкүн экендигин белгиледи.
Ал реабилитациялык борбордун кызматкерлерине, ата-энелерге жана балдарга ден соолук каалап, алардын мамлекеттин социалдык туруктуулугун өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалады.
“Келечек” реабилитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен 2022-жылдын декабрь айында ачылган. Аталган реабилитациялоо борборунун негизги максаты өзгөчөлүктөрү бар балдарды социалдаштыруу, атайын ребилитациялык кызматтарды көрсөтүү жана алардын ата-энелерине, балдарга кам көрүү, тиешелүү колдоолорду жана жардамдарды берүү болуп саналат.