Социалдык контракттын катышуучусу Башаарат Нишанова “Лейлек килемдери-2024” фестиваль – жарманкесине катышууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова бүгүн Бишкекте салттуу түрдө өткөрүлүп келген “Лейлек килемдери-2024” фестиваль – жарманкесине катышты.
Ал белгилегендей, колго жасалган килемдер дүйнөнүн жашыл экономикага умтулуусун чагылдырат.
«Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен Эмгек министрлиги ишке ашырып жаткан «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында Лейлек районунан 4 катышуучу килем токуу боюнча бизнес-план менен катышып, бүгүнкү күндө иштерин ийгиликтүү жүргүзүп келүүдө. Алардын бири республикалык долбоордун катышуучусу Башаарат Нишанова учурда колго жасалган килемдерди жасоодо. Анын эмгектери буга чейин райондук, облустук фестивалдарга коюлган. Башаарат өзүнөн тышкары дагы үч адамды жумуш менен камсыз кылат.
Кыргызстан “жашыл” экономикага багыт алганын эске алып, токуучулук, саймачылык, карапа жасоо сыяктуу өнөрчүлүк тармактардагы бизнес долбоорлор социалдык контракттын алкагында колдоо табаарына ишенем”,-дейт министрдин орун басары.

Пайдалуу
Ссылкалар