Ооганстандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер жеткирилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт жетектеген гуманитардык миссия Афганистандын Бадахшан провинциясына этникалык кыргыздарга жана жергиликтүү тургундарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектерди жеткирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Миссия Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын ишке ашыруунун жана Кичи жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү программасын аткаруунун алкагында багытталган.

Министрдин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Бадахшан провинциясынын губернатору Мавлави Мохаммад Аюб Халид менен этникалык кыргыздардын жашоо шарттарын, ошондой эле Бадахшан провинциясынын бийликтеринин этникалык кыргыздардын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүү боюнча көрүлүп жаткан чараларын жана алдыдагы пландарын талкуулады.

Миссиянын алкагында дарыгерлер тобу (кардиологдор, стоматологдор, акушер-гинеколог) 755 жаранга, анын ичинде 195 аялга жана 180 балага медициналык жардам көрсөтүштү. Ошондой эле адистер жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай ооруларды өз убагында аныктоо жана бодо жана майда малга ветеринардык дары-дармектерди туура колдонуу боюнча окутууларды өткөрүштү.

Пайдалуу
Ссылкалар