Борбордук Азия квалификация жана көндүмдөр жаатындагы кызматташтыктын туруктуу сценарийлерин иштеп чыгуу үчүн биригет

Бишкекте Борбордук Азия үчүн квалификация жана көндүмдөр тармагында туруктуу кызматташтык сценарийлерин иштеп чыгууга арналган иш-чарада өтүп жатат.
Иш-чара аймактагы экономикалык, саясий жана социалдык кызматташтыкты изилдөөгө багытталган DARYA долбоорунун алкагында уюштурулду.
Аймактык семинарга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнөн катышууда.
Мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү региондун экономикасын өнүктүрүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон ачык жана эффективдүү квалификациялык системаны түзүү маселесин талкуулашууда.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакованын айтымында, Кыргызстанда кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу билим берүү системасын жана эмгек мамилелерин реформалоо зарылдыгынан улам башталган.
“Республикада квалификациялардын улуттук системасынын Концепциясы жана квалификациялардын улуттук алкагы бекитилген, ал квалификациялардын тармактар аралык салыштырмалуулугун камсыз кылат. Буга чейин билим берүү тармагында бир тармактык алкак иштелип чыккан жана саламаттыкты сактоо жана соода тармагындагы тармактык алкак иштелип чыгууда.
Биздин жалпы максатыбыз — жумуш берүүчүлөрдүн көндүмдөрүн жана квалификациясын түшүнүү, ошондуктан кадрларды даярдоо процесси алардын муктаждыктарына багытталат. Бүгүнкү күндө министрлик 1 077 100 адамды тейлейт, алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, майыптыгы бар адамдар, турмуштук оор кырдаалда турган жаштар. Биз бенефициарларыбызды ишкердик жүргүзүү, бизнес-процесстерди башкаруу жана финансылык жана санариптик сабаттуулук көндүмдөрүнө үйрөтүү, ошондой эле өз жашоосун өзгөртүүгө умтулгандар үчүн финансылык инструменттерге окутууну жеткиликтүү кылуу маанилүү деп эсептейбиз”, – деди Кыял Жанузакова.
Ал белгилегендей, иш берүүчүлөрдүн жумуш издөөчүлөргө болгон суроо-талаптарын жакшыраак түшүнүү үчүн ведомство эмгек рыногун изилдөө, ошондой эле жаштарды сурамжылоо боюнча изилдөө жүргүзүп жатат, анда негизги басым кош билим берүүнү жана жаштар стажировкаларын киргизүүгө жасалган.
“Бүгүн биз алдыбызга Экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы тренддерин жана келечектеги кесиптерди эске алуу менен квалификациялуу жумушчу күчүнө суроо – талапты болжолдоо системасын иштеп чыгуу, ошондой эле квалификациялардын улуттук системасын жакшыртуу милдетин коюп жатабыз”, – деп белгиледи министрдин орун басары.
Пайдалуу
Ссылкалар