Эмгек министринин биринчи орун басары Борбор Азиянын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун талкуулоого катышты

 

14-15-октябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары М.А. Баймурзаев Алмата шаарында Кыргыз Республикасынын Дуйнөлүк Банктын кенсеси тарабынан уюштурулган Борбордук Азиядагы финансылык туруктуулукту чыңдоо жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу темпин тездетүү боюнча Аймактык форумга катышты.

Форумда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү климаттын өзгөрүшүнүн контекстинде социалдык коргоо системаларына көңүл бурулган.

“Кыргыз Республикасында жер титирөө, суу ташкыны жана жер көчкү сыяктуу табигый өзгөчө кырдаалдар көбөйдү. Биз адаптациялык мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөөгө жана климаттын өзгөрүшүнө чабалдыкты азайтууга умтулабыз жана бул үчүн эрте алдын алуу системаларын түзүү, климаттык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана климаттык өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүү үчүн илимий базаны бекемдөө сыяктуу багыттарда системалуу иш алып барабыз.

«Кыргыз Республикасында жер титирөө, суу ташкыны жана жер көчкү сыяктуу табигый өзгөчө кырдаалдар болуп турат. Биз адаптациялык потенциалды бекемдөөгө жана климаттын өзгөрүүсүнө карата алсыздыкты азайтууга умтулабыз жана бул үчүн биз эрте эскертүү системаларын түзүү, климаттык кызматтарды өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн илимий базаны чыңдоо тармактарда системалуу иштерди жүргүзүп жатабыз. Бул жаатта биз эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде Дүйнөлүк банк, БУУ жана Борбордук Азиядагы коңшуларыбыз менен жигердүү кызматташып жатабыз”— деп белгиледи министрдин биринчи орун басары.

Өзгөчө кырдаалдардын жана өзгөчө абалдын шарттарында калкка социалдык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бир жолку социалдык төлөмдөрдүн, гуманитардык жардам көрсөтүүнүн жана социалдык камсыздоо тармагында кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби бекитилген.

Пайдалуу
Ссылкалар