Эмгек министри Жылдыз Полотова социалдык стационардык мекемелерди кышка карата даярдыгы жөнүндө жеке текшерүүсүн баштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Чүй облусундагы социалдык стационардык мекемелердин жылытуу мезгилине карата даярдыгын пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Минстрликтин башчысы текшерүүнү Жайыл психоневрологиялык социалдык стационарынан жана Беловодскидеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационарына баруудан баштады.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин системасында бардыгы болуп 17 социалдык стационардык мекеме (ССМ) иштейт, аларда 2 397 кызмат алуучулар жашайт. Алардын ичинен майыптыгы бар кары – картаңдар жана чоңдор – 523 адам, психоневрологиялык диагнозу менен-1 373 чоң адам жана 501 бала.
Министрдин айтымында, жайында эле 1550 тонна катуу отун жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн.
“Бул максатта бюджеттен 9 млн сом бөлүнүп, 85% га жакын көмүр стационардык мекемелерге жеткирилди. Бардык мекемелерге жылытуу системасын алдын ала текшерүү боюнча буйрук берилди. Мындан тышкары, кызмат алуучулар жылуу кийимдер менен камсыздалды”, – деп маалымдады Жылдыз Полотова.
Эмгек министрлигинин башчысы кызмат алуучулардын жашоо шарты, жылытуу системасынын иштеши, тамак-аш даярдоочу блоктун жана жабдуулардын абалы менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө мекемеге Назгүл Насиева фондунан матрастар таратылды .
Пайдалуу
Ссылкалар