Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга 39 миллион рублдан ашык төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардам берилди

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгү 557 кыргызстандыкка 39 миллион 300 миң рубль өлчөмүндө төлөнбөгөй калган эмгек акы алууга жардам көрсөттү. Өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын дагы 7 жаранына жумуштан алган жаракатынан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 2,6 миллион рубль өндүрүүгө жардам берди.
Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо максатында Өкүлчүлүктүн кызматкерлери 107 жарандын укуктарын коргоо боюнча 32 соттук отурумга катышты.
Кыргыз Республикасынын 134 жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө байланыштуу 9 миллион 500 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөндү.
Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча 7 миңден ашык кыргызстандыкка жеке жана телефон аркылуу консультация берилди.
Мындан тышкары, ата-энесинин камкордугусуз калган 11 жашы жете элек балдарга, мекенге кайтарууда (репатриациялоодо), ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган 4 Кыргыз Республикасынын жаранына жардам көрсөтүлгөн.
Турмуштук оор кырдаалга кабылган Кыргыз Республикасынын 4 жаранына жардам көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын 2586 жаранына милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алууга жардам көрсөтүлгөн.
Пайдалуу
Ссылкалар