Эмгек министри Жылдыз Полотова: “Коомдун өнүгүшүнүн, анын жаңылануусунун, адамдын, үй-бүлөнүн бакубат жашоосунун жана келечекке болгон ишениминин негизи- эмгек”
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Өнүгүү боюнча Улуттук Форумдун жүрүшүндө сөз сүйлөдү. Акыркы жылдары мамлекеттик саясат жаңы нукка бурулуп, бир катар көрсөткүчтөр жакшырганын белгиледи.
Мисалы, жалпы жумушсуздуктун денгээли 4,1%га чейин, ал эми расмий жумушсуздук 2,1%га чейин төмөндөгөн. Орточо эмгек акынын өсүү темпи экономиканын бардык тармактары боюнча байкалып, 2021-жылга салыштырганда бул көрсөткүч дээрлик 85% га өскөн.
“Коомдун өнүгүшүнүн, анын жаңылануусунун, адамдын, үй-бүлөнүн бакубат жашоосунун жана келечекке болгон ишениминин негизи- эмгек. Кыргызстандын ар бир тургуну үчүн артыкчылыктуу болгон бакубат татыктуу жашоо, татыктуу эмгек акы, татыктуу жумуш, билим деңгээлин жогорулатуу сыяктуу маселелер абдан маанилүү.
Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаров: “Мамлекеттин эң башкы байлыгы – анын адамдары”деп дайым белгилегендей, адамдык капиталга инвестициялоо, татыктуу эмгек шартын түзүү эң негизги милдетибиздердин бири. Ошол эле учурда, бул багытта алдыңкы тажырыйба, жаңы багыттарды биргелешип издөө жана аларды чогуу ишке ашыруу абдан зарыл” – деди министр.
Жаңы багыттардын бири катары өлкөдө татыктуу эмгек стандарттарын этап этабы менен киргизүү, анын алкагында дүйнөлүк чакырыктарды эске алып, татыктуу эмгек менен камсыз кылуу боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу, алгачкы кадам катары эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүн жогорулатуу максатында саат боюнча эмгек акыны киргизүү маселесине көңүл бөлүнүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле алдыда медиандык эмгек акыны пайдалануу маселесин иштеп чыгуу, эмгекти коргоо багытында – кесиптик тобокелдиктерди башкаруунун заманбап системасын жана “Нөлдүк жаракат” концепциясынын эрежелерин, ошондой эле эмгек коопсуздугунун санариптик чечимдерин акырындык менен ишке киргизүүсү пландалганын, 2030-жылга чейин жасалма интелекттин жардамы менен иштеген сааттын 30 пайызына чейинкиси автоматташтырыла турганын жана жаңы кесиптер пайда боло турганы жөнүндө айтты.
“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү системасын этап этабы менен трансформациялоо, анын алкагында жумуштуулуктун жаңы формаларын өнүктүрүү боюнча иштер аткарылат. Билим берүү министрлиги менен биргеликте жумушсуз жарандарды, анын ичинде эмгек мигранттарын, майыптыгы бар адамдарды, жаштарды, аялдарды окутуунун/кесиптик квалификациясын жогорулатуунун инновациялык методдорун киргизүү маселеси дагы иштелип чыгат” – деди Жылдыз Полотова.
Мындан тышкары, жумуш издеген жарандардын жекече ишке орноштуруу пландарын санарип платформанын негизинде түзүү, өзгөрүп жаткан шарттарга саясатты тез ыңгайлаштыруу максатында эмгек рыногунун өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде миграциялык процесстерди болжолдоонун жана аныктоонун заманбап аналитикалык инструменттерин иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө дагы айтып кетти.
Эмгек, ошондой эле эмгек мамилелерин жана ишке орноштурууга көмөктөшүү системасын санарип форматка өткөрүү, турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдүн эмгек потенциалын жогорулатууга шарттарды түзүү, “Социалдык контракт” долбоорунун туруктуулугун, натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү механизмдерди иштеп чыгуу керектигин айтты.
2024-11-04