КР Эмгек министрлиги менен Түркия ИИМинин ортосунда миграция жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

2024-жылдын 5-ноябрында Түркия Республикасынын Президенти Р.Т. Эрдогандын Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сапарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосунда миграция тармагындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлду.
Меморандум миграция чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну, аралаш миграциялык агымдардын жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча маалымат жана тажрыйба алмашууну, ошондой эле мыйзамдуу миграцияны стимулдаштыруу боюнча чараларды көрүүнү карайт.
Меморандумдун катышуучулары мыйзамсыз миграцияны болтурбоо боюнча саясатты ишке ашыруу жана мониторинг механизмдерин түзүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгышат, мыйзамсыз чет элдик жумушчу күчүн кыскартууда, ошондой эле миграциялык органдардын институционалдык потенциалын чыңдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууда кызматташат.
Пайдалуу
Ссылкалар