Эмгек министрлиги жеке ишке орноштуруу агенттиктери жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун № 181 конвенциясын ратификациялоо маселесин талкуулады

Бүгүн, 5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте “ Эл аралык эмгек уюмунун 1997-жылдын 3-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181-конвенциясын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкулоо боюнча отурум өткөрдү. Отурумда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева, мамлекеттик жана жеке органдардын, Профсоюздар федерациясынын, эл аралык уюмдардын жана калкты иш менен камсыз кылуунун жеке агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Эл аралык эмгек уюмунун жеке ишке орноштуруу агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясын ратификациялоо маселелери талкууланды.
“Бул Конвенцияны ратификациялоо иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери үчүн талаптагыдай ченемдик укуктук базаны түзүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн, ал агенттиктер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртат жана этикалык жалдоо ченемдерин сактоого көмөк көрсөтөт.
Ошондой эле аталган Конвенцияга кошулуу адам сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу боюнча көмөк көрсөтөт. Жумушка алуу процессинде кызматкерлердин, анын ичинде мигрант эмгекчилердин укуктарын кыянаттык менен пайдалануудан жана алдамчылыктан (алдын ала тандоо, тандоо, ташып жеткирүү, жайгаштыруу жана төрөлгөн өлкөсүнө кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн кошкондо) коргоо үчүн платформа түзүүнү камсыз кылат. Эмгек миграциясынын наркын төмөндөтүүгө жана мигрант эмгекчилер жана алардын үй-бүлөлөрү, ошондой эле келип чыккан жана бара турган өлкөлөр үчүн өнүгүү жаатындагы миграциялык процесстерден алынган натыйжаларды жакшыртууга көмөк көрсөтөт.” – деди эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу.
Талкуунун жыйынтыгында эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Конвенцияны улуттук мыйзамдарга киргизүү боюнча мындан аркы биргелешкен иш алып баруу боюнча чечим кабыл алынды.
Пайдалуу
Ссылкалар