Кыргызстанда үч жылда 32 миңден ашуун үй-бүлө социалдык контракт түздү

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 19,3 миңден ашуун үй-бүлө социалдык контракт түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.
Социалдык контракт долбоору жакырчылыкты жоюунун натыйжалуу модели катары Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен ишке ашырылууда.
Долбоордун алкагында үч жылдын ичинде 32 миңден ашык үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон жардам берилди. (2022-жыл – 2,8 миң, 2023-жыл – 10 миң, 2024-жыл бүгүнкү күнгө карай – 19,3 миң) Ал үчүн республикалык бюджеттен 3,1 млрд сом бөлүндү.
Программанын 19,3 миң катышуучусунун 91,1% аялдар, негизинен айыл жеринде жашашат.
Программаны ишке ашыруунун натыйжасында 29,0 миңден ашык жумушчу орундары түзүлдү.
Пайдалуу
Ссылкалар