Кыргызстан климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен эмгек рыногун туруктуу өнүктүрүү боюнча КОП29 да чараларды сунуштады

Баку шаарындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонунда БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конференциясынын алкагында климаттын өзгөрүү шарттарында эмгекке, жумуштуулукка, миграцияга жана социалдык коргоого багытталган адилеттүү өтүү темасы каралды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Э.Ж. Байсаловдун , эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары М.А.Баймурзаевдин, Эл аралык эмгек уюмунун, Эл аралык миграция уюмунун, ПРООНдун аймактык кеңселеринин өкүлдөрүнүн жана БУУ КЖКБнын өкүлүнүн, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Эмгек, миграция министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен Сайд-ивент өткөрүлдү.
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев бул маселе боюнча Кыргызстандын көз карашын билдирди.
“Адилеттүү өтүү кызматкерлердин жана калктын аялуу катмарынын кызыкчылыктарын коргоону камтыган социалдык жоопкерчиликтүү болушу керек. Бул талап кылат:
* Жаңы технологияларга көнүү үчүн кадрларды кайра квалификациялоо;
* Жашыл экономикада жумуш орундарын түзүү;
* Калктын аялуу катмарына, анын ичинде жаштарга, аялдарга жана улгайган адамдарга колдоо көрсөтүү;
* Ишканалар үчүн жашыл жумуш орундарынын стандарттарын иштеп чыгуу.
Ошондой эле, кесиптик кайра даярдоо программалары боюнча активдүү иштерди жүргүзүү, экологиялык таза тармактарда жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жана “социалдык контракт” программасы жана жаштар стажировкасынын долбоорлору сыяктуу социалдык демилгелерди колдоо зарылдыгы айтылды.
“Биз бизнестин, профсоюздардын, билим берүү мекемелеринин жана эл аралык өнөктөштөрдүн аракеттерин бириктирүүгө милдеттүүбүз, ошондо ар бир жаран климаттык өзгөрүүлөр шартында өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо алат”, — деп кошумчалады Баймурзаев.
Мындан тышкары, Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин өкүлү Элиза Тургуналиева Кыргызстан тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан миграция көйгөйлөрүн чечүү боюнча глобалдык демилгелерди активдүү илгерилетип жатканын белгиледи.
“Кыргызстандын Министрлер Кабинети аярлуу үч региондогу 2000 кожолукту камтыган масштабдуу изилдөө жүргүзүп, климаттык өзгөрүүлөрдөн улам көптөгөн үй-бүлөлөр кирешелерин жоготуп жаткандыгын аныктады. Миграция боюнча эл аралык уюм менен биргеликте биз “пилоттук үй чарбаларын жашыл реконструкциялоо” сыяктуу адаптациялоо долбоорлорун ишке ашырабыз жана мигранттар үчүн тренингдерди өткөрөбүз. Биз дүйнөлүк коомчулукту бул чакырыктарды чечүү үчүн биргелешип аракеттенүүгө чакырабыз, анын ичинде экономиканы диверсификациялоого инвестицияларды тартуу, жумуш орундарын түзүү жана тоолуу коомчулук үчүн адилеттүү жана туруктуу өтүүнү камсыз кылуу үчүн туруктуу миграциялык жолдорду колдоо», – деди ал.
Пайдалуу
Ссылкалар