Ташкентте Түрк мамлекеттеринин уюмунун диаспора иштери боюнча мекеме жетекчилеринин 6-жолугушуусу өттү
Ташкентте Түрк мамлекеттер уюмунун диаспора иштери боюнча мекеме жетекчилеринин 6-жолугушуусу өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары Мерей Мукажан, Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандан диаспора жаатында саясат жүргүзгөн мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жолугушуунун катышуучулары мүчө мамлекеттердин диаспораларынын учурдагы абалы, диаспоралар менен кызматташууну жана координациялоону өнүктүрүү боюнча мүчө мамлекеттердин диаспораларынын күч-аракеттерин, ошондой эле түрк диаспораларынын ортосундагы координацияны жана кызматташууну жакшыртуу жолдорун талкуулашты, түрк диаспораларынын потенциалын өстүрүүгө өбөлгө түзгөн программалардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ой-пикирлерди жана сунуштарды жана мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин диаспораларынын тиешелүү институттарынын кызмат адамдарынын арасында стажировка программаларын өткөрүү зарылдыгын угушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Венгриядагы түрк мамлекеттеринин диаспорасынын маселелерин тейлеген мекемелердин жетекчилеринин кийинки 7-жолугушуусун 2025-жылы өткөрүүнү макулдашышты.
2024-11-22