Эмгек министри Жылдыз Полотова тигүү тармагында майыптуулугу бар адамдарды ишке орноштуруу маселесин талкуулады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова тигүү тармагында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жана кеңейтилишин талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Талкуу Эмгек министрлигинин башчысынын «Салкын» тигүү өндүрүшүнө, ар кандай максатта жана колдонуу чөйрөсүндө трикотаж тигүү боюнча фабрикага болгон иш сапарынын алкагында өттү.
Министр ишкананын заманбап жабдууларына, өндүрүлгөн продукциянын санына, сапатына жана аларды экспорттоого, кызматкерлердин иштөө шарттарына, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга түзүлгөн шарттарга көңүл бурду.
«Бүгүнкү күндө «Салкын» ЖЧКсы социалдык жоопкерчиликтүү ишканалардын бири болуп саналат, анда 350 адам иштейт, анын 8и мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. Албетте, иш ордунда майыптардын көп болушун каалайт элем. Бирок ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка жигердүү тартуу үчүн эрте кийлигишүү жана аларды билим берүүгө интеграциялоо боюнча чараларды камтыган чаралардын комплекси зарыл. Эң негизгиси, жалпы коомдо майыптуулук маселеси боюнча ой жүгүртүүcү өзгөрүшү керек», – деди ал.
Министр ошондой эле Кыргыз Республикалык майыптар коомунун цехтеринде болду.
“Бул коом республика боюнча 400 адамды иш менен камсыз кылат, алардын 70% – эмгекке жарамдуу майыптыгы бар адамдар. Бул жерде адамдар иштеп гана тим болбостон, практикалык көндүмдөрдү (жыгач иштетүү, пластик терезе жана эшиктерди орнотуу, ширетүү иштери ж.б.) үйрөнүшөт. Аталган уюм тарабынан мамлекеттик социалдык заказдын алкагында социалдык-маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдоо көрсөтүлүүдө”, – деп жыйынтыктады ал.
Министр ошондой эле майыптыгы бар адамдардын өздөрү акча табуу мүмкүнчүлүгүн түзүү алардын өз жөндөмдөрүнө жана эртеңки күнгө болгон ишенимин арттырып, коомдун толук кандуу мүчөсү экендигин белгиледи.
2024-11-22