Равшанбек Сабиров Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров бүгүн, 4-декабрда кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71- беренесине ылайык Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрликтин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырып, анын олуттуу кесиптик тажрыйбасын жана жогорку компетенциясын баса белгилеп, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Равшан Сабиров көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Полотова Жылдыз Арстанбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри ээлеген кызматынан бошотулду.
Жылдыз Полотова өз сөзүндө Өлкө башчысы С.Н.Жапаровго жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаровго ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Пайдалуу
Ссылкалар