Эмгек министрлиги: Кыргызстанда мамлекеттик “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандардын саны азайды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикада “үй-бүлөгө көмөк”мамлекеттик жөлөк пул алгандардын саны азайган.
Эгерде өткөн жылы социалдык жардамдын бул түрүн 83 824 аз камсыз болгон үй-бүлө алса, быйылкы жылы алардын саны 66 265 үй-бүлөнү түзгөн.
Ага ылайык, ай сайын мамлекеттен 1,2 миң сомдук жөлөкпул алып турган балдардын саны да азайды – өткөн жылдагы 284 794 баладан быйылкы жылдын аягында 231 691 балага чейин.
Ошентип, алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 17 559 үй-бүлөгө азайган.
Ведомстводо алуучулардын азайышын көрсөтүлгөн жардамдын даректүүлүгүнүн жакшырышы жана муктаж болгон жарандардын бакубаттулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү иш менен камсыз кылуунун ар кандай чаралары менен түшүндүрүштү.
Возможно, это изображение 1 человек и ребенок
Пайдалуу
Ссылкалар