Эмгек министри жарандарды жеке кабыл алды
Бүгүн, 13-декабрда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров коомдук кабылдамада жарандарды жеке кабыл алды.
Кабыл алуу учурунда жарандар министрге жумушка орношуу, майыптуулук, кадр маселеси, материалдык жардам көрсөтүү, жеке жана башка суроолор боюнча кайрыла алышты.
Ар бир кайрылуу каралып, жарандарга кеңири түшүндүрмөлөр жана сунуштар берилди. Бир катар маселелер боюнча министр тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө ыкчам чараларды көрүүнү тапшырды.
Министр белгилегендей, мындай жарандарды кабыл алуу министрликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү роль ойнойт, анткени алар калктын пикирин түздөн-түз угууга жана курч көйгөйлөргө ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.
2024-12-13