Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” Достук футбол мелдеши башталды

Бүгүн, 14-декабрда Кыргыз футболдук союзунун улуттук Футбол академиясында ачылыш аземи болуп өттү.
Мелдешке төрт топко бөлүнгөн 16 команда катышууда, алардын арасында “Достук” командасы да бар. Бул команданын капитаны – КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров. “Достук” командасында КР Элинин Ассамблеясынын кызматкерлери жана диаспоралардын жетекчилери ойношууда.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө салтка айланган кезектеги турнирдин башталышы менен куттуктап, өткөрүлүп келген алты жыл ичинде масштабдар кыйла өскөнүн белгиледи. Биринчи беттештерде 8-9 команда катышкан болсо, азыр алардын саны 16га жетип, муну менен жогорку популярдуулукту көрсөтүп жатат.
“Биринчи-экинчи оюндарда Президенттин командасы биринчи орунду берчү эмес эле, акыркы убактарда 4-орунга түшүп калды. Бул дагы жакшы нерсе. Башталганда жакшы чуркай албаган аксакалдарыбыз, балдарыбыз бар эле. Алардын деңгээли бүгүн кыйла өстү. Оюндардын маанилүүлүгүн унутта калтырбай, улап кете берели. Биз жаштарыбызды, эл-журтубузду спортко үндөп, чакырышыбыз керек. Анткени спорт – бул ден соолуктун булагы. Спортто дайыма күчтүүлөр утат, спорттун табияты ушундай. Күчтүүлөр жеңсин!” – деди Садыр Жапаров.
Эртең, 15-декабрда, чейрек финалдык, жарым финалдык жана финалдык беттештер болот.
атчи.
Пайдалуу
Ссылкалар