Министр Равшан Сабиров жетектеген “Достук” командасы мурас турниринде экинчи орунду ээледи
15 — декабрь 2024-жылы футбол мелдешинин алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров жетектеген “Достук” командасы ардактуу экинчи орунду ээледи. Финалдык жолугушууда команда атаандаштарына — Кыргыз Республикасынын “Президентинин командасына” 4:6 эсебинде утулуп калды.
Сабиров мындай мелдештерге катышуу спортту өнүктүрүүгө гана эмес, өлкөнүн бардык жарандары арасында биримдик жана достук рухун чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.
Равшан Сабиров белгилегендей, мындай мелдештерге катышуу спорттун өнүгүшүнө гана эмес, өлкөнүн бардык жарандарынын арасында биримдиктин, достуктун чыңдалышына өбөлгө түзөт.
“Биз финалда жеңилгенибизге карабастан, натыйжабыз менен сыймыктанабыз. Бул турнир ар кандай уюмдардын жана мамлекеттик органдардын ортосундагы командалык духту жана достукту көрсөтүүгө сонун мүмкүнчүлүк болду. Биз оюнубузду жакшыртуунун үстүндө иштөөнү улантабыз жана келечекте жакшы жыйынтыктарга үмүттөнөбүз”, — деди министр.
“Турнирдин мыкты оюнчусу” – Азимжан Кадыров (“Достук” командасы)саналды.
Жеңүүчүлөр кубок жана медалдарды алышты. Сыйлык тапшыруу аземинин аягында эстеликке сүрөткө түшүү болду.
2024-12-16