Эмгек министрлигинин башчысы протездик буюмдардын өндүрүш процессине жеке көзөмөл жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров министрликке караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жана Майыптуулугу бар адамдарды реабилитациялоо борборуна барды.
Сапар жарандардын бул мекемелерде көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу кайрылууларынан кийин уюштурулган.
Жолугушунун жүрүшүндө министр кызмат көрсөтүү процесстери, жабдуулардын абалы жана адистердин квалификациясынын деңгээли менен жеке таанышты. Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо сапатына жана майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык программаларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.
“Биздин түздөн – түз милдетибиз-майыптыгы бар адамдарга татыктуу шарттарды камсыз кылуу, ошондой эле сапаттуу жана заманбап кызматтарды көрсөтүү. Протездөөгө жана реабилитациялоого муктаж болгон ар бир жаран эң жогорку деңгээлде жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек”, – деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Министр ошондой эле мекеменин кызмат алуучулары жана кызматкерлери менен жолугушуп, алардын сын-пикирлерин жана сунуштарын укту. Ал жооптуу адамдарга учурдагы маселелерге ар тараптуу талдоо жүргүзүүнү жана мекемелердин ишиндеги тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгууну тапшырды.
Сапардын жыйынтыгы боюнча министр алдыга коюлган бардык милдеттердин ишке ашырылышын көзөмөлгө алды.
Пайдалуу
Ссылкалар