Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарууда

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун жетекчилиги алдында Бишкекте Министрликтин коллегиясынын отуруму башталды.
Министр Р.А.Сабиров Министрликтин 2024-жылдагы иштеринин жыйынтыгы жана 2025-жылга карата милдеттери жөнүндө баяндама жасайт.
Коллегиянын күн тартибине «Социалдык контракт» долбоорунун жыйынтыктары, оор кырдаалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүнүн жүрүшү, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин иши, Министрликтин системасын санарипке өткөрүү боюнча иштер, “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыӊдоо” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү, кадр саясаты сыяктуу бир катар маселелер киргизилген.
Белгилей кетсек, коллегиянын жыйынтыгы менен каралган маселелер боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат.
Отурумга Министрликтин коллегия мүчөлөрү, түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышууда.
Пайдалуу
Ссылкалар