Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин потенциалы жогорулоодо
12-февральда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кыргызстандагы БУУнун (ЮНИСЕФ) Балдар фондунун өкүлү Самман Жунг Тапа мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Равшанбек Сабиров ЮНИСЕФке социалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга, калктын айрым категорияларына ар кандай колдоо чараларын өнүктүрүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду ишке ашыруудагы колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Ведомство башчысы Министрлик жана ЮНИСЕФтин Балдар фонду менен мындан аркы кызматташуу күчөтүлөөрүнө ишеним билдирип, балдардын аярлуу категорияларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешкен ишти белгиледи.
Алсак, Равшанбек Сабиров балдарды коргоо чөйрөсүндө мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө багытталган өлкө жетекчилигинин аракеттери жөнүндө, балдардын укуктарын коргоонун туруктуу системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жөнүндө айтып берди, аларга ар тараптуу колдоо жана коргоону камсыз кылды.
«Биз үчүн ар бир баланын коопсуз чөйрөдө чоңойушу маанилүү” деди ал.»
Райондук деңгээлде турмуштук оор кырдаалда турган балдарды аныктоо, алардын көйгөйлөрүнө ар тараптуу баа берүү жана аларга колдоо көрсөтүү үчүн финансылык жана кадрдык ресурстардын жетишсиздигин эске алуу менен, Президент Садыр Жапаров «Балдарды социалдык жактан колдоо боюнча социалдык кызматкерлер жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык мамлекеттик коргоого муктаж балдарга социалдык колдоо көрсөтүлөт.
Министр маалымдагандай, мамлекеттик коргоого муктаж болгон балдарды социалдык коштоо үчүн социалдык кызматкерлердин саны ар бир төрт миң балага бир социалдык кызматкердин эсебинен 550 штаттык бирдик белгиленген.
Министрликтин аймактык башкармалыктарында балдарды коргоо боюнча бөлүмдөр иштейт, алардын штатында өлкө боюнча 198 адис бар.
Бүгүнкү күндө 800дөн ашык социалдык кызматкерлер 9000ден ашык жалгыз бой улгайган жарандарга, жубайларга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга үйүндө социалдык кызматтарды көрсөтүшөт.
Өз кезегинде Самман Жунг Тапа мамлекеттик деңгээлде болуп жаткан аракеттердин натыйжалуулугуна, ошондой эле калктын аярлуу катмарына социалдык коргоо жаатындагы биргелешкен иштин жыйынтыктарына жогору баа берди.




