Эмгек министри көп функционалдуу миграция борборунун өкүлчүлүгүн ачууну талкуулады
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Москва Өкмөтүнө караштуу Экономикалык саясат жана Москва шаарын өнүктүрүү департаментинин жетекчилиги менен жолугушту.
Тараптар Кыргыз Республикасында Көп функционалдуу миграциялык борбордун Өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты, ошондой эле бул долбоорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашышты.
Министр өз сөзүндө Россия тарап үчүн Кыргызстандагы көп функционалдуу миграциялык борбордун өкүлчүлүгүнүн ачылышы абдан маанилүү, анткени биздин жарандар көпчүлүк учурда орус тилин жакшы билишет, белгилүү компетенцияларга жана көндүмдөргө ээ, бул көп жагынан кызматкер менен жумуш берүүчүнүн өз ара аракеттешүүсүн жеңилдетет деп белгиледи.

2025-02-25