Эмгек министрлиги: “Үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны 58,4 миң үй-бүлөнү түздү

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпул чегерүүнүн жоболору каралган. Ага ылайык, жөлөкпул үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн аз болгон шартта дайындалат.
Жөлөкпулдун бул түрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Бүгүнкү күнү кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сом, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун өлчөмү ар бир балага 1200 сомду түзөт.
Ал эми, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун өлчөмү, тийиштүү райондук коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу, бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө бала 16 жашка чыкканга чейин гана дайындалат.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо маселелери боюнча толук маалымат жана консультация алуу үчүн жарандар социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарына кайрыла алышат.
Үстүбүздөгү жылдын 1-февралына карата “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны 207,9 миң баланы, же 58,4 миң үй-бүлөнү түздү.
Пайдалуу
Ссылкалар