2024-жылы 4 293 жаран чет өлкөгө ишке орношту

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция Министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бир катар мамлекеттер менен өнөктөштүк мамилелерди бекемдеп, жумушка орношуунун мыйзамдуу жана коопсуз механизмдерин камсыз кылууда.
Учурда төмөнкү өлкөлөр менен кызматташуу жүрүп жатат:
* Корея Республикасы
* Россия Федерациясы
* Улуу Британия
* Казакстан Республикасы
* Германия Федеративдик Республикасы
* Беларусь Республикасы
Ал эми 2025-жылдан бери Словакия, Түркия, Италия жана Япония мамлекеттери менен жаңы өнөктөштүк мамилелер түзүлүп, кызматташуу жөнүндө макулдашууларга жетишилди.
2024-жылдын ичинде Борбордун көмөгү менен 4 293 Кыргыз Республикасынын жараны чет өлкөлөрдө ишке орношкон. Алар:
•Улуу Британия-3 855 жаран;
•Корея Республикасы-421 жаран;
•Россия Федерациясы-13 жаран;
• Казакстан Республикасы-10 жаран;
Германия – 7 жаран.
Мындан тышкары, Борбор Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу укугуна уруксат берүү жөнүндө маанилүү милдетти аткарат.
Жеке менчик ишке орноштуруу агенттиктери аркылуу 2024-жылы 16 204 жаран ишке орношсо, ал эми быйыл февраль айынын соңуна чейин 1 064 адамга чет өлкөдөн иш табышкан.
Бүгүнкү күндө 197 жеке менчик агенттик дүйнөнүн 29 өлкөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу боюнча расмий кызмат көрсөтүшүүдө.
Борбор кызматташтыктын географиясын кеңейтүү, эмгек миграциясын жөнгө салуу жана чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштерди улантууда.
Возможно, это изображение 14 человек и текст
Пайдалуу
Ссылкалар