КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!

ШЫЛУУНДАР WHATSAPPТА ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ  МИНИСТРЛИГИНИН ЖЕТЕКЧИЛИГИНИН АТЫНАН ЖАЛГАН БИЛДИРҮҮЛӨРДҮ ТАРАТЫШУУДА

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мессенжерлер жана социалдык тармактар (WhatsApp, Telegram, Facebook) аркылуу белгисиз номерден билдирүүлөрдү жиберип, министрдин  орун басарларынын атынан телефон чалган шылуундар тууралуу эскертет.

Министрлик жарандарды сак болууга чакырат: эгерде сиздерге министрдин атынан же анын орун басарларынын атынан телефон чалса же “Менин жаңы телефон номеримди сактап алыңыз” деген өтүнүч менен билдирүү жиберсе, мындай билдирүүлөргө ишенбеңиздер. Министрликтин кызматкеримин деп тааныштырган адамдардын телефон чалууларына ишенбөөгө, акча которбоого жана жеке маалыматты бербөөгө чакырабыз.

Эгер сиздер мындай кырдаалга кабылсаңыздар, тастыктоо үчүн өзүңүздөр байланышып жүргөн министрликтин кызматкерине телефон чалууну суранабыз.

Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиздер!

Шектүү шилтемелерге кирбеңиздер!

Сак болуңуздар жана шылуундардын кылтагына түшүп калбаңыздар!

Пайдалуу
Ссылкалар