Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчалары таратылды

2025-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кайрымдуулуктун жана камкордуктун айы- Рамазан айына арналган азык-түлүк баштыкчалары таратылды. Бул жакшы демилгенин алкагында, Сауд Араб Падышалыгы Кыргызстандын 7 облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам таратууну уюштурган. Өлкө боюнча жалпысынан 7200 үй-бүлө азык-түлүк алышат.
Тамак-аш азыктарын таратууну Падыша Салман гуманитардык жардам жана колдоо борбору КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте ишке ашырды. Жардамдын биринчи этабы Чүй облусунан башталып, андан соң Кыргызстандын башка аймактарына жөнөтүлөт.
«Рамазан руханий жактан тазалануу айы гана эмес, өзгөчө колдоого муктаж болгондорго камкордук жана кайрымдуулук көрсөтүү үчүн маанилүү айы. Биз өнөктөштөрүбүздүн, анын ичинде Падыша Салман атындагы гуманитардык жардам көрсөтүү жана колдоо борборунун жардамы менен өлкө боюнча 7 миңден ашуун үй-бүлөнү колдоого алганыбызга кубанычтабыз. Бул коомубуздагы тилектештикти жана өз ара жардамдашууну чыңдоонун маанилүү кадамы”-деди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты К. Л. Ханджеза , Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Ибрахим Ради Аль-Ради, Падыша Салман атындагы гуманитардык жардам көрсөтүү жана колдоо борборунун өкүлдөрү катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар