Эмгек министрлиги активдүү узак жашоо программасын иштеп чыкты
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-2030-жылдарга активдүү узак жашоонун мамлекеттик программасын коомдук талкууга койду.
Министрлик билдиргендей, программа улуу муундагы жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу, алардын өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын жогорулатуу, калктын сергек жашоо узактыгын жогорулатуу, улгайган жарандардын социалдык жана психологиялык бакубаттуулугун жакшыртуу, алардын коомдун ар кандай чөйрөсүнө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу максатында иштелип чыккан.
Документте Кыргызстанда жашоонун орточо узактыгы 70 жаш деп белгиленген. Аялдардын орточо жашоо узактыгы 74,2 жашты, эркектердики 66 жашты түзөт. Гендердик дисбаланс болжол менен 40 жашта байкалат, ал эми 80 жаштан ашкан аялдардын саны эркектердикине караганда дээрлик 2 эсеге көп.
Кыргызстандыктардын жашоо узактыгы бара-бара узарат. 2030 – жылга карата Эркектердин жашоо узактыгы 69,8 жашка чейин, аялдар 77,2 жашка чейин, 2050 – жылга карата тиешелүүлүгүнө жараша 73,0 жана 80,2 жашка чейин көбөйөт.
Ошентип, азыркы учурда эркектердин жашоо узактыгын жогорулатуу боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу жана шаарда да, айыл жеринде да жубайысыз калган улгайган жарандарды колдоо актуалдуу болот.

2025-03-17