Равшанбек Сабиров: Үй-бүлө мыйзамдарын жакшыртуу-бүгүнкү күндүн актуалдуу талабы
Равшанбек Сабиров: Үй-бүлө мыйзамдарын жакшыртуу – бүгүнкү күндүн актуалдуу талабы
Бүгүн, 4-апрелде, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун төрагалыгы астында Ош шаарында үй-бүлө кодексинин долбоорун талкуулоо жүрдү.
Талкууга Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, мамлекеттик органдардын жана диний өкүлдөр катышты.
Эмгек министрлигинин жетекчиси президент Садыр Жапаров 2024 – жылдын декабрь айында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө жарлыгына кол койгонун, анда коомдук моралды жана адеп-ахлакты коргоо боюнча мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча милдеттер коюлганын баса белгиледи.
“Үй-бүлө институту салттуу баалуулуктардын жана тажрыйбанын алып жүрүүчүсү, коомдук түзүлүштүн негизги уюткусу бойдон калууда. Улууларды урматтоо, үй — бүлөлүк бекем байланыш, балдарга кам көрүү, каада-салттарды сактоо сыяктуу баалуулуктар Кыргызстан мамлекетинин өнүгүү тарыхы менен далилденген. Адеп-ахлактык багыттагы кризистин шартында ата-эненин ролу, сүйүүсү жана камкордугу — коомубуздун эң актуалдуу тиреги жана үмүтү.
Ошондуктан үй — бүлө-бул ар бир жарандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн негизи. Үй-бүлө ичинде адамдын инсандыгы, мүнөзү, эмгекке болгон мамилеси, улууларга болгон сый – урмат, кичүүлөргө камкордук, жакындарына болгон сүйүү, идеялык жана маданий мурастардын баалуулугу калыптанат”, – деди Равшанбек Сабиров.
Анын айтымында, үй-бүлөлүк мыйзамдарды өркүндөтүү зарылдыгы 2021-2026-жылдарга инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбия Концепциясын ишке ашыруу менен шартталган.
“Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин долбоору өлкөдөгү үй-бүлө мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, үй-бүлөлүк укуктук мамилелерди жөнгө салуучу салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн эске алуу менен иштелип чыккан. Долбоор 7 бөлүмдөн, 15 главадан жана 107 беренеден турат”, – деди министр.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин долбоору презентацияланып, анда жаштарды үй-бүлө курууга даярдоо, эрте никеге туруунун алдын алуу, ажырашуу, анын себептери сыяктуу бир катар көйгөйлөр талкууланып, ар кандай сунуш-пикирлер, суроо-жооптор айтылды.





2025-04-04














