Кыргыз Республикасынын эмгек министринин орун басары миграция саясатын талкуулоо үчүн Евробиримдиктин өкүлү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Европа Биримдигинин миграциялык саясатты өнүктүрүү эл аралык борборунун (ICMPD) долбоорлорунун улук менеджери Голда Мира Рома айым менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коопсуз жана иреттүү эмгек миграциясын камсыздоого багытталган миграциялык процесстерди жөнгө салуунун натыйжалуу системасын түзүү жолдорун талкуулашты. Негизги көңүл чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өлкөгө кайтып келген мигранттардын реинтеграцияланышы үчүн шарттарды түзүү маселелерине бурулду.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасына кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо боюнча программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылдыгына тиешелүү маселелер каралды. Аймактарда потенциалдуу мигранттарды эмгек миграциясы башталганга чейин даярдоого багытталган маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле тараптар мигранттардын аялуу категориялары үчүн ресурстук жана реабилитациялык борборлорду түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иштин маанилүүлүгүн талкуулашты, Бул алардын жашоо шартын жакшыртууга жана социалдык адаптациялоого өбөлгө түзөт.
Тараптар миграциялык маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын жана мындан ары да кызыкдар экендигин билдиришти, бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да жашоосун жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Маалымат үчүн: Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор (ICMPD) миграциялык саясат, эмгек миграциясынын шарттарын жакшыртуу жана мигранттардын укуктарын коргоо маселелеринде өлкөлөрдү колдоого адистешкен эл аралык уюм болуп саналат.
Пайдалуу
Ссылкалар