Эмгек министрлигинде “жашыл” кесиптер талкууланды
Бүгүн, 8-апрель күнү, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуттук квалификациялык кеңештин 5- отурумун өткөрдү.
Отурумга мамлекеттик органдардын, Кыргызстандын кесиптик бирликтер Федерациясынын, Соода-өнөр жай палатасынын, ошондой эле бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Кыргызстан үчүн айыл чарба жана энергетика тармагындагы “жашыл” кесиптердин актуалдуулугу талкууланды. Талкуунун жүрүшүндө белгиленгендей,” жашыл” кесиптер (Green Jops in Agriculture) дүйнөлүк практикада акыркы жылдары актуалдуу болуп баратат. Бул кесиптер экологиялык туруктуулукту жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту камсыз кылат, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу сыяктуу принциптерди сактайт. Белгилей кетсек, БУУнун эмгек уюму (ILO) “жашыл жумуш орундарын” ХХI кылымдын артыкчылыктуу багыттарынын бири деп атаган
Ошондой эле, отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясын жана Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясын жактыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы №77 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” долбоору боюнча тааныштырып өттү.
Ошондой эле кезектеги Улуттук квалификациялык кеңештин отурумунун күн тартиби бекитилди.
Эскерте кетсек, Кеңештин негизги милдети болуп Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн маанилүү болгон, кадрларды даярдоодогу негизги багыттарды аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу эсептелет.





2025-04-08














