Эмгек министри Р.А. Сабиров: “Биздин жаңы Эмгек кодекси региондогу эң прогрессивдүү болуп саналат”

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Борбор Азия өлкөлөрүнүн профсоюздар кеңешинин жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү. Аталган отурумга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Монголиянын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Эмгек министрлигинин жетекчиси Борбор Азиядагы эмгек мамилелери, социалдык коргоо жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Равшанбек Сабиров өз сөзүндө: “Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда татыктуу эмгек, адилеттүү эмгек акы, коопсуз иш шарттары жана бардык категориядагы кызматкерлер үчүн социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу милдети турат”, – деп белгиледи. Ал ошондой эле кеңеш эмгек стандарттарын, эмгекти коргоо жана аны ченемдөө деңгээлин жогорулатууда маанилүү диалог экендигин баса белгиледи.
“Эски кесиптер кетип жатат, жаңылары пайда болууда. Салттуу жумуштуулуктун көлөмү кыскарууда, бул анын жаңы формаларынын пайда болушуна алып келет. Мисалы, КР жаңы Эмгек кодексинде дал ушул жаңылыктар киргизилген: аралыктан иштөө, электрондук эмгек китепчелери, электрондук келишим”, – деди Эмгек министри Р.А.Сабиров.
Пайдалуу
Ссылкалар