Эмгек министри Равшанбек Сабиров: Социалдык коргоо системасынын 90 жылдыгына карата 77 унаалар биринчи жолу социалдык кызматкерлерге берилип жатат

Бүгүн, 10-апрелде, Бишкек шаарынын эски аянтында 77 автоунааны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 24 ведомстволук жана 53 аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүп берүү аземи болуп өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Эмгек министри Равшанбек Сабиров, аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.
Министр белгилегендей, ” Автоунааларды тапшыруу – тарыхый окуя, социалдык коргоо тутумунун 90 жылдан бери биринчи жолу райондук жана шаардык башкармалыктар мындай колдоого ээ болууда. Биринчи кезекте Президент С. Н.Жапаровдун колдоосу турат, ал социалдык коргоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек шартын жакшыртуунун артында социалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу турганын түшүнөт. Бул биздин социалдык кызматкерлердин эмгегин баалоо”.
Ал белгилегендей, социалдык кызматкерлер күн сайын оор милдеттерди – майыптарга, улгайган жарандарга, оор турмуштук кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам берүү менен дуушар болушат. Көбүнчө узак жолду жөө басып өтүүгө, кандай гана аба ырайы болбосун, зарыл жардам көрсөтүүгө туура келет.
“Социалдык кызматкерлер мындай колдоого татыктуу. 90 жыл ичинде биздин социалдык камсыздандыруу системасында аларга кызматтык унаалар берилген эмес. Бул биздин тармактын өнүгүүсүндөгү жаңы этаптын символу болгон маанилүү окуя”, – деп кошумчалады министр.
Эмгек министри Президентке жана Министрлер кабинетинин башчысына социалдык тармакка көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Эмгек министри президентке жана өкмөт башчыга социалдык тармакка көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Социалдык камсыздоо тармагы мамлекет башчысынын болуп көрбөгөндөй колдоосун ар дайым сезип келет.Бүгүнкү күндө «TULPAR MOTORS» ата мекендик биринчи автозаводдо чыгарылган 77 автоунаа элди тейлөө үчүн өлкөбүздүн эң алыскы булуң-бурчтарына жөнөтүлүп жатат», – деп баса белгиледи министр өз сөзүндө.
Пайдалуу
Ссылкалар