Эмгек министри Равшанбек Сабиров БУУнун балдардын укуктары боюнча комитетине балдарды коргоо боюнча мамлекеттик саясат тууралуу маалымат берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Брага Гудбрансон жана БУУнун балдардын укуктары боюнча комитетинин мүчөсү Тувайба Аль-Барвани менен кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Эмгек министри Президент С.Н.Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан мамлекеттик колдоо тууралуу айтып берди.
«Биз «Бала Береке» программасынын алкагында бийик тоолуу шартта жашаган көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоону, ошондой эле «Келечеке салым» программасынын алкагында жетим балдарды колдоону демилгелегенбиз.
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга, майыптыгы бар балдарга, ошондой эле зомбулуктан жабыр тарткан балдарга өзгөчө көңүл бурулат. Өлкөдө турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү эрте аныктоо боюнча комплекстүү иштер улантылууда. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу жана коштоо процесстерин автоматташтыруу максатында турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө маалыматтардын автоматташтырылган маалыматтык тутуму иштелип чыккан. Ал аныкталган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берет жана аларды турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу боюнча жеке пландарды автоматтык түрдө түзүүнү карайт. Мындан тышкары социалдык кызматкерлердин саны 550 адамга көбөйтүлөт”, – деди Равшанбек Сабиров.
Министр белгилегендей, 18 жашка чейинки балдар калктын жалпы санынын 37% түзөт 7.161 млн.адам же 2.6 млн. жакын. Ошондуктан эмгек министрлиги системалуу мамилени, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү калыптандырууга жана калктын аялуу катмарынын укуктарын коргоо боюнча алдын алуучу жана жооп берүүчү чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат.
“Биз комитет менен диалогду улантууга, эксперттик колдоону кеңейтүүгө жана аларды Улуттук контекстке ылайыкташтыруу үчүн мыкты эл аралык тажрыйбаларды тереңирээк изилдөөгө өзгөчө кызыкдарбыз.
Акыркы жылдары биз маанилүү кадамдарды ишке ашырып жатабыз: улуттук мыйзамдар өркүндөтүлүүдө, балдардын аярлуу категорияларын колдоо чаралары күчөтүлүүдө, Альтернативдик кам көрүү, Инклюзивдик билим берүү жана миграциялык процесстерде балдарды коргоо системасы өнүгүүдө. Мындан тышкары, биз мектеп бүтүрүүчүлөрүн татыктуу эмгекке өз алдынча жетүү үчүн билим берүүнүн акыркы баскычтарында, анын ичинде миграцияга чейинки даярдыкта адистештирүү аспектилерин изилдеп жатабыз”, – деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Пайдалуу
Ссылкалар