Эмгек министри Равшанбек Сабиров: Балдардын укугун коргоо министрликтин негизги багыты бойдон калууда

Бүгүн, 11-апрелде, Эмгек, миграция социалдык камсыздоо министри Равшанбек Сабиров ” 2025-2028-жылдарга КР балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу чаралар”деген темадагы тегерек столго катышты.
Анын айтымында, акыркы мезгилде Кыргызстанда балдарды коргоо боюнча маанилүү кадамдар ишке ашырылууда: улуттук мыйзамдар өркүндөтүлүп, балдардын аярлуу категорияларына колдоо көрсөтүү чаралары күчөтүлүп, альтернативдик кам көрүү, инклюзивдик билим берүү жана миграциялык процесстерде балдарды коргоо системасы өнүгүүдө.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан “Бала береке “программасы боюнча бийик тоолуу шарттардагы көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү, ошондой эле “Келечекке салым” программасы боюнча жетим балдарга колдоо көрсөтүү демилгеси көтөрүлгөн. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга өзгөчө көңүл бурулат.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында биз балдарды коргоо, жакырчылык менен күрөшүү жана аялуу топтор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелерин кошо алганда, 2025-жылга биргелешкен артыкчылыктарды макулдашуу боюнча БУУнун өнүктүрүү агенттиктери менен жумушчу жолугушууну өткөрдүк. Бул багыттар биздин Министрликтин негизги милдеттеринин катарында калат”, – деди Эмгек министрлигинин жетекчиси.
Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасы БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясына 1994-жылы кошулгандыгын маалымдады.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Р. Чынбаева, ЖК депутаты А.Т. Мамашова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Брага Гудбрансон, БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин мүчөсү Тувайба Аль-Барвани, мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Пайдалуу
Ссылкалар