Эмгек министрлиги тарабынан жыл башынан бери эмгек рыногундагы активдүү чаралар 8,3 миңден ашык жаранды камтыды

Жыл башынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишке орноштуруу кызматы 8,3 миңден ашык жумушсуз кыргызстандыктарды ишке орноштурду жана иш менен камсыз кылды.
Белгилей кетүүчү нерсе, жумушка орношууга көмөктөшүү боюнча бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт.
Жалпысынан иш менен камсыз кылуу кызматтарына 39 260 адам кайрылган. Алардын ичинен 28 282 жаран эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери боюнча, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө, кесип тандоо боюнча кеңештерди алышты.
4285 жумушсуз жаран ишке орноштурулду. Ведомство жыл башынан бери иш берүүчүлөрдүн дээрлик ар бир экинчи кайрылуусу жабылганын белгилейт. Адистер үчүн берилген 8593 арыздын ичинен 4285 орун ээледи.
Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айрым кесиптерге болгон суроо-талапты эске алуу менен 2164 адам кесиптик окууга жиберилди.
Окуу рынокто талап кылынган кесиптер боюнча өткөрүлдү: ПК оператору, сатуучу, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюр, массажист, визажист, котормочу, 1С билими бар бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, электр ширетүүчү жана сантехник.
2025-жылдын 1-апрелине карата убактылуу ишке орноштуруунун алкагында акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 1857 адам жөнөтүлгөн.
Министрлик эскертет, жумуш тапкысы келгендер Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, көрсөтүлгөн кызматтардын баарын бекер ала алышат. Бош орундар тууралуу маалыматты zanyatost.kg порталынан да тапса болот.
Мындан тышкары, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ар кандай тармактарда орточо эмгек акыны билдирет:
• Финансы тармагы – 68 725 сом,
• Өнөр жай – 61 550 сом,
• Транспорт тармагында – 48 034 сом,
• Соода сатык– 46 437 сом,
• Курулуш – 45 277 сом,
• Кызмат көрсөтүү тармагында – 29 922 сом,
• Саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө тармагы – 26 013 сом,
• Билим берүү тармагы – 25555 сом.
Пайдалуу
Ссылкалар