КРнын Эмгек министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгү 16 жаранга 2 миллион рублдан ашык эмгек акы карызын өндүрүүгө жардам берди
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын 16 жаранынын эмгек акыны төлөбөй жаткандыгы боюнча “СПС-К” ЖЧКсына каршы жамааттык кайрылуусун карап чыкты.
Өкүлчүлүктүн кызматкерлери жарандардын бузулган эмгек укуктарын калыбына келтирүүгө багытталган тиешелүү иш-чараларды жүргүзүштү. Жумуш берүүчү — “СПС-К” ЖЧКсы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгында эмгек акы боюнча карыз толугу менен төлөндү.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын пайдасына жалпы 2 293 000 рубль төлөнүп берилди, бул сумма мурда көрсөтүлгөн карызга толук туура келет.
Өкүлчүлүк Россия Федерациясынын аймагында жүргөн мекендештердин эмгек укуктарын коргоо боюнча системалуу ишти улантууда жана жарандарыбызды ушул сыяктуу жагдайлар жаралган учурда кайрылууга чакырат.
2025-04-17














