Эмгек министрлиги балага сүйүнчү төлөмдөрү кечиктирилип жатканын билдирет
2025-жылдын 14-мартында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат тутумунда техникалык мүчүлүштүктөр жаралып, анын кесепетинен 13-мартка карата балага-сүйүнчү төлөмдөрү боюнча маалыматтар кечиктирилип, кол менен иштелип чыгууда.
Учурда мекеменин адистери маалыматтарды калыбына келтирүү боюнча активдүү иш алып барууда. Бул учурда, маалыматтын көбү буга чейин эле калыбына келтирилген.
Калыбына келтирүү жана системаны нормалдуу иштешине алып келүүну аяктоо мөөнөтү 2025-жылдын 24-апрелине болжолдонууда
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт
2025-04-17














