Кыргыз Республикасы менен Япония инвестиция, билим берүү, маданият, санарип жана миграция тармактарындагы кызматташууну чыңдоодо

2025-жылдын 18-апрелинде Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабировдун Япониянын коргоо министри жана Япония парламентинин депутаттары менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялар, билим берүү, маалыматтык технологиялар жана маданий-гуманитардык кызматташуу сыяктуу негизги багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты. Туруктуу өнүгүү кеңири өнөктөштүккө, билим жана технология алмашууга негизделиши керектиги белгиленди.
Энергетика тармагын өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап өлкөдө ГЭСтерди куруу жана модернизациялоо боюнча пландар тууралуу маалымдап, гидроэнергетиканы туруктуу өсүштүн артыкчылыктуу багыты катары белгиледи. Өз кезегинде, япон тарап бул тармактагы долбоорлорго инвестициялык жана технологиялык колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле академиялык алмашууларды кеңейтүү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, маданий демилгелерди колдоо жана, анын ичинде санариптик технологиялар жаатында, кесипкөйлөрдү даярдоо маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасы маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушууда эмгек миграциясы жана жарандарды социалдык коргоо маселелери да талкууланды. Кыргыз тарап чет өлкөдө иштеп жаткан жарандардын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоодогу системалуу мамилени тааныштырып өттү. Япония тарап Кыргызстандын бул багыттагы аракеттерин жогору баалап, мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар стратегиялык диалогду бекемдөөгө, туруктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүнү тастыкташты.
Пайдалуу
Ссылкалар